7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев менчиктештирилип кеткен объектилерди өкмөткө өткөрүш керектигин айтты

200
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абадда үч автобазанын жери мамлекетке кайтарылганын айтып, элдин байлыгын басып жаткан байларды тартипке саларын эскертти.
Ташиев мурдагы башаламан учурларда азыркы айрым байлар көп ишканаларды, элдин, мамлекеттин байлыгын арзан акчага сатып алып, коррупциялык жолдор менен менчиктештиришкенин айтты.
“Булар элдин, силердин байлыгыңар. 5-10 киши миллиондогон адамдын байлыгын басып алып жүрөт. Алардын баарын кайтарыш керек. Мисалы, Жалал-Абаддагы үч чоң базаны кайтардык. Бирөөнүн жери төрт гектар экен, эми ал жакка эки мектеп салабыз. Бирине ипотекага үй курабыз. Мунун баарын ээлеп алып, 30 жылдан бери бай болуп жүрүшкөн. Алар эле эмес элдин баары байышы керек”,- деген Ташиев.
201