Мурдагы депутат С.Ибрагимов мамлекеттин бюджетинине өз ыктыярдуулугу менен 100 миллион сом которду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты Сергей Ибрагимовдун компаниялар тобунда, каржылык мыйзам бузууларына, эсептөөнүн тууралыгы жана салык төлөмдөрүн убагында төлөбөгөндүгү боюнча аудит материалдарынын алкагында коммерциялык структуралардын ишмердүүлүгүнө изилдөө иштери жүргүзүлдү.
Жүргүзүлгөн салыктык текшерүүнүн натыйжасында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу аныкталган жок. Республиканын оор социалдык-экономикалык абалын эске алып, акысыз каржылык колдоо көрсөтүүгө жана мамлекетти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттин бюджетине 100 миллион сом салым кошууга ыктыярдуулугун билдирди Ибрагимов.
Эскерте кетсек, учурда жогорудагы сумма мамлекеттин эсебине толугу менен которулду.