7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тажик бийлиги: «Коронавирус жок, жөн гана пневмония күч алууда»

1147

Тажикстанда коронавирус жайылган жок, бирок пневмонияга кабылгандар көбөйүүдө. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Эмомали Мирзоев билдирди.

Маалыматка ылайык, министрлик социалдык тармактарда айтылып жаткан өлкөдө COVID-19 кайрадан күч алууда деген маалыматты четке кагып, жөн гана пневмония жайылып жатканын белгиледи.

«Бир аптадан бери күн абдан ысык болуп турат. Мындан улам жарандар муздак суусундуктарды ичип, балмуздак көп жеп жатат. Мындай учурда өпкө жабыркап, пневмонияга алып келиши толук мүмкүн. Бул нерсе коронавирус болуп калды дегенди түшүндүрбөйт», — деди Мирзоев.

Эске салсак, жыл башында президент Эмомали Рахмон Тажикстан коронавирусту толугу менен жеңгенин жар салган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1148