7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тажикстан эми Чоң-Алайдагы тактала элек жерге контейнер коюп, абалды курчутууда

728

Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыңалуу пайда болду. Бул ирет Ош облусунун Чоң-Алай району менен чектешкен, тактала элек жерге тажик тарап контейнерлерди коюп баштаган. Бул туурасында УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык,  4-июнга караган түнү саат 3:00дө чамасында тажик тарап Унжу-Булак аймагындагы такталбаган жерге 1000 метрге чейин кирип келип контейнерлерди коё баштаган. Муну менен буга чейин жетишилген кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштери боюнча өкмөттөр аралык делегациянын келишимин бузганы белгиленет.

“Аны менен катар тажик тараптын аскердик курамы автоунаалар жана  брондолгон техникалары менен топтолуп жатканы байкалат. Саат 6:00гө карата Унжу-Булактагы кырдаал чыңалып турат. Тажикстан такталбаган жерге контейнерлерди коюп, аскерлери андан 600 метр ары жакта турушканын белгилейбиз”, — деп айтылат маалыматта.

Чек ара кызматы кыргыз тарап кырдаалды бийлик өкүлдөрүнүн деңгээлинде жөнгө салуу чараларын көрүп жатканын билдирди. Бирок Тажикстандын чек ара кызматынын өкүлдөрү телефон чалууга жооп бербей жатканы айтылат.

Унжу-Булак аймагын кайтарган чек арачылар күчөтүлгөн тартипке өттү.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

729