Саат 14:00гө карата Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курч бойдон калууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Тажикстандын аскерлери Баткен районунун Достук айылындагы мектептин имаратын ээлеп алышкан. УКМКнын Чек ара кызматынын бөлүмдөрү Тажикстандын «Ляккан» жана «Богдари» чек ара заставаларын аткылашып, бир топ оор техникаларын жок кылышты.