7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тажикстандын күч органдары кармап кеткен 2 окуучу бошотулду

788

Бүгүн, 24-сентябрда президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев Тажикстандын Согди облусунун башчысы Ражаббой Ахмадзода менен жолугуп, чек арада болгон окуяларды талкуулады. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга Баткен жана Согди облустарынын район акимдери, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышкан.

Анда 23-сентябрь күнү Көк-Таш айылынын Дахма тилкесинде тажик окуучуларынын кыргыз окуучуларын мектептен кайтып келе жатканда сабаганы жана Лейлек районунун Жаштык айылы менен чектешкен Хистеварз айылында кармалган 2 окуучу боюнча сүйлөшүү болгон.

Сүйлөшүүнүн натыйжасында 23-сентябрда Тажикстандын күч органдары кармап кеткен 2 окуучу — Лейлек районунун Жаштык айылынын тургундары бошотулду.

Эки тарап чек арада болгон окуяларды жөнгө салууну, чек аралаш аймактарда коомдук-саясий абалды көзөмөлдөөнү, эки элдин ортосунда чыр-чатакка жол бербөөнү жана социалдык тармакта чыгып жаткан чагымчыл маалыматтарга жол бербөөнү макулдашты.

Эскерте кетсек, буга чейин Баткен менен Согди облусунун башчылары чек аралаш аймактарда чыр-чатактардын алдын алуу иштерин жүргүзүү боюнча жолугушууларды айына эки жолу өткөрүп турууну макулдашкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

789