7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тажикстанга 7 тонна көмүр өткөрүүгө аракет кылгандар кармалды

988

Кечээ, 11-августта Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Майты жергесинде 29 млн сомдук аткезчилик жүк кармалган. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шарттуу чек арадан 500 метр аралыкта чек арачылар жана КР УКМК кызматкерлери эки жүк ташуучу унааны жана бир нече жаранды кыргыз номерлүү унаадан тажик номурлуу унаага көмүр жүктөн жатканын байкашкан. Чек ара кызматкерлери окуя болгон жерге келишкенде алар качып кетишкен. Кыргызстандын бир жараны – Кулунду айылдык аймагынын жашоочусу Н.Б. жана эки унаа кармалган.

Тажикстандын номери тагылган унаага болжол менен 6-7 тонна көмүр жүктөлгөн. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, жүктүн жалпы баасы 29 миллион сомдон ашык болгон.

Тиешелүү документтер түзүлгөндөн кийин кармалган жаран, жүк жана унаалар андан ары териштирүү үчүн компетенттүү органдарга өткөрүлүп берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

989