«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун мурдагы тышкы башкаруучусу, «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин башчысы Теңгиз Бөлтүрүк УКМКнын тергөө абагына 2 айга камалды.
Маалыматка ылайык, Бишкектин Октябрь райондук сотунда бүгүн, 15-сентябрда Т.Б. баш коргоо чарасы каралып, ал 2022-жылдын 10-ноябрына чейин камакка алынды.
Теңгиз Бөлтүрүк сот залына кирердин алдында ага тагылган айыптарды абсурд деп эсептей турганын билдирген.
Эске сала кетсек, «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун ишин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча үч кылмыш иши козголду. Мамлекетке дээрлик 1 млрд сом зыян келтирилген.