Германияда түйгөюн жоготуп аза күткөн ак куунун айынан 20дан ашуун поезд бир саатка кармалган. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Укук коргоо кызматкерлеринин билдирүүсүнө ылайык, “атайын куткаруу операциясын” талап кылган окуя 23-декабрда Кассель (Гессен) менен Геттингенди (Төмөнкү Саксония) байланыштырган темир жолдо болгон.
Маалыматка ылайык, ак куунун түгөйү темир жолдо өлгөн. Ал эми тирүү калган ак куу окуя болгон жерден кетпей койгон. Аны темир жолдон алуу аракеттери ийгилисиз болгондуктан, өрт өчүрүүчүлөр ак кууну атайын шаймандын жардамы менен жолдон алышкан.
Куткаруу иштерине байланыштуу 23 поезд болжол менен 50 мүнөткө кечиккени айтылат.
Ал эми тирүү калган ак куу Фульда дарыясына коё берилген.