7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тез татым жайлары фискалдык системаны сыноого кошулду

273

Тез татым жайлары фискалдык системаны сыноого кошулду. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Маалым болгондой, ушул жылдын март айынан тарта коомдук тамактануу жайлары менен бирге тез татым саткан ишканалар да маалыматтарды өткөрүп берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоону (ФПК) киргизүү боюнча пилоттук долбоорго катыша баштады.

Маалыматка ылайык, ФПК колдонуп жаткан мекемелерде эсептешүүнүн ачыктыгы жогорулап, бухгалтердик эсеп жүргүзүү жеңилдеген. Ошондой эле көмүскө жүгүртүүнүн көлөмү азайып жатканы белгиленди. Мындан сырткары, долбоорго катышкан айрым ишкерлер кирешесинин бир нече эсеге өскөнүн билдиришкен.

Фискалдык программалык камсыздоо аркылуу кардарларга QR-код менен толук кандуу чек дароо берилет. Бул кызматкерлердин ишин жеңилдетип, кардарлар үчүн да ыңгайлуу шарт түзүүдө.

274