7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Тилди тишке кысып сүйлөңүз, бөйрөктөн шыйрак чыгарбаңыз ”. Депутаттар кайым айтышты

579

Бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев мыйзамда мал уурулук үчүн 12 жылга чейинки жаза берүү сунушталып жатканын, ал эми адам уурдоого болгону 10 жыл берилерин айтып, мал уурулукка адам уурдоодон да катаал жаза берилишине каршы чыкты.

Мыйзам долбоордун демилгечиси Сүйүн Өмүрзаков кылмыштуулукту азайтуу максаты көздөлүп жатканын билдирди.

Бирок Бекешов буга чейин Өмүрзаков жетектеген комитет мыйзамсыз курулуш үчүн жазаны күчөтүү тууралуу мыйзам долбоорун колдобой койгонун, бул жерде эки жүздүүлүк болуп жатканын билдирди.

Өмүрзаков Бекешевго “Тилди тишке кысып сүйлөңүз, бөйрөктөн шыйрак чыгарбаңыз ” деди.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеште Кылмыш кодексине “мал уурулук” беренесин кайтаруу маселеси каралып жаткан.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

580