Сузакта дайынсыз болуп жаткан 23 жаштагы Розахан изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Сузак районундагы Бек-Абад айылынын тургуну 2000-жылы туулган Розибаева Розахан Яхёевна 18-май күнү саат 10:00 чамасында “Тишимди дарылатып келем” деп үйүнөн чыгып кеткен.
Учурда Розибаева Розахан Яхёевнанын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.
Белгилери: Бою 155-160 см, өңү сары жүздүү, кашы, көзү, чачы кара узун, орто дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери: Башында кара жоолук, үстүндө күрөң түстөгү көйнөк (хиджап), бутунда ак түстөгү кроссовки болгон.
Дайынсыз болуп жаткан Розахан тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо төмөндөгү номурларга кабарлап коюуңуздарды суранабыз..
Тел.: 102, (03748) 5 02 09, 0706 23 85 23, 0558 16 16 91.