7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токмокто жарылуучу затты үйүндө сактоого шектелген жаран кармалды

688

Токмокто жарылуучу затты үйүндө сактоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ыкчам тергөө иш амалдарынын алкагында Токмок шаарынын 37 жаштагы Ш.Д. аттуу жашоочусунун үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, оролуп бекитилген белгисиз зат табылган.

Экспертизанын жыйынтыгында алынган зат жарылуучу зат экендиги аныкталган.

Шектүү Жазык кодексинин 267-беренеси (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо”) боюнча, сотко чейинки өнүрүш иштеринин алкагында кармалды.

Иш Жазык кодексинин 253-беренесине (“Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү”) которулуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

689