7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токтосунова: Иш-чараларды күлүп алып барып, кечинде ыйлаган, жашоодон кечким келген күндөр өттү…

8163

Алып баруучу Нурзат Токтосунова кош бойлуу. Бул тууралуу ал Инстаграм баракчасына жазган.

“Кимдир бирөө үчүн балалуу болуу оңой эледир…

(Интернет айдыңында жеке жашоомо сынтаккандардан улам келген ой.)

Бирок мен үчүн ый, сыркоо, операциялар, ажырашуулар, жеке трагедиялар менен коштолду.

Өмүр жолу тегиз болбойт тура. Тагдырга жазса, кабыл албаска аргабыз жок.

Мамлекеттик иш- чараларды күлүп алып барып, кечинде жаздыкка ыйлаган, кээде жашоодон кечким келген күндөр өттү. Баарына шүгүр. Апам гана мага сен керексиң, кайгырба, бек бол деп артымда турду.

Ар бир сыноо мени күчтүү кылды. Сабак алдым. Алдыга гана умтулдум. Акыры Аллахым мага боору ооруп, 3 жыл мурун Алматыдагы ИРМ клиникасы себепчи болуп, Акберметимди кучагыма алсам, эми минтип экинчи жолу бактылуу эне болуу шансын ыраа көрүүдө.

Бул бакытты мага окшоп бала күтүп жүргөндөр аябай түшүнсө керек. Айтаарым, Аллахтан үмүт үзбөгүлө. Өкүнүчүм, атам кызымды көрбөй кетти. Аябай күткөн эле…”,-деп жазган ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

8164