7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тоңдо подрядчы фирманын башкы директору пара менен кармалды

536

Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары тарабынан атайын айыл чарба техникаларын сатып алуу боюнча тендер өткөрүүдө мыйзам бузуу фактысы аныкталып, ал боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө уланууда. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Буга чейин белгилүү болгондой, 2023-жылдын 5-декабрында Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Б.Ш. УКМКнын кызматкерине айыл чарба техникаларын сатып алуунун жагдайын текшерүүнү токтотуу үчүн пара берүүгө аракет кылып жаткан учурда кармалган.

2024-жылдын 1-мартында бул кылмышка катыштыгы бар делген шек менен «Тон Манжылы Сервис» ЖЧКсынын подрядчы фирмасынын башкы директору жана И.М.С. аттуу жаран кармалып, Каракол шаарындагы № 23 тергөө абагына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

537