7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тоолуу райондордо жаан жаап, жолдор тайгак болот

460

22-майда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдирди.

Маалыматка ылайык, күндүз Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30;
Талас жергесинде түнкүсүн +7…+12, күндүз +24…+29;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23;
Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +17…+22;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -4…-9, күндүз +3…+8 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз +27…+29 градус болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

461