“РСК” банкы Баткендеги чек ара чырында жарадар болгон 7 аскер кызматкеринин насиясынын пайызын 6 айга токтотуп, каза болгон бир аскердин кредитин толугу менен кечти. Бул тууралуу Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлайт.
Аталган банк ошону менен бирге, тажиктердин аргессиясынан жабыркаган жергиликтүү турундарды колдоо иретинде Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атайын эсебине 2млн 284миң 700 сом которгон.
«“РСК” банк бүгүнкү күндө район борборунан алыс жайгашкан, чек ара айылында жашаган элдин муктаждыгын жеринде чечүү максатында, Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө көчмө калкты тейлөө борборун ачып, 6-майдан тарта кызмат көрсөтүүдө. Ошондой эле Баткен облусунун Көк-Таш, Максат, Ак-Сай айылынын эли үчүн, 10 млн сом каражат бөлүп, жеңилдетилген насыя берүү чечимин кабыл алды. Насыя 12% менен, 3 жылдык мөөнөткө, 6 ай танаписи менен, жеңидетилген тартипте, комиссиясыз, күрөөсүз берилет«, -деп жазылат.