21-майда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин видеоконференция форматында кезектеги жыйыны болду. Бул тууралуу Садыр Жапаров Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин видеоконференция форматында өткөн жыйынында билдирди.
Маалыматка ылайык, ЕАЭБдин ичинде жарандар жөн гана эркин жүрүп, ишке орношкондон тышкары башка ыңгайлуулуктарга дагы ээ болушу керек.
«Алдыбызда жалпы эмгек рыногун мындан ары өнүктүрүү маселеси турат. ЕАЭБдин ичинде жарандарыбыз жөн гана эркин жүрүп, ишке орношкондон тышкары заманбап медицина, билим берүү жана социалдык коргоо сыяктуу жашоону жеңилдеткен маанилүү нерселерге ээ болушу керек. Биримдиктин негизги максаттарынын бири — жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу», — деди Жапаров.
Эске салсак, саммитте «Спутник V» вакцинасын Кыргызстанда да өндүрүү тууралуу сөз болгон.