7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Транспорт министрлигине 10 айда 12,1 млрд сом бөлүндү

387

Транспорт министрлигинин үстүбүздөгү жылга бекитилген бюджети 16 млрд 749,8 млн сомду түзөт. Бул тууралуу Финансы министрлигинен маалымдашты.

Министрликке 10 айдын ичинде 12,1 млрд сом каржыланган. Алар:

  • жолдорду оңдоого жана тейлөөгө 2 087,3 млн сом;
  • битум сатып алууга 395,7 млн ​​сом;
  • 346,9 млн сом кредитордук карызды жабууга;
  • жабдууларды сатып алуу 1 119,4 млн сом;
  • Жол фондуна 1 758,3 млн сом;
  • Мамлекеттик инвестициялык программа (МИП) боюнча 5 266,4 млн сом
  • Капиталдык салымдар 1 445,8 млн сом.

Бүгүнкү күндө калдык 3,6 млрд сомду түзөт.

Каралган каражаттардын алкагында 2023-жылга карата жол тармагынын негизги иш-чаралары:

  • 1332,0 млн сом суммасында жол куруу техникасын сатып алууга;
  • 30 миң тонна өлчөмүндө битум сатып алуу;
  • учурдагы бюджет боюнча 249,6 км жолду асфальттоо;
  • «капиталдык салымдар» беренеси боюнча каржыланган объектилер үчүн 188,8 км жолду асфальттоо.

Эскерте кетсек, коюлган милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу максатында Министрлер Кабинети тарабынан Жол фонду түзүлүп, анын негизинде 2022-жылдын май айынан баштап иш-чараларды каржылоо Жол фонду тарабынан жүзөгө ашырылат.

388