Өлкөдө акыркы суткада 22 өрт кырсыгы катталып, 25 бөлүм тартылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чолпон-Ата шаарындагы Правда көчөсүндө короодо Volkswagen Golf 3 үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн. Баткен шаарында Токтогул көчөсүндө жалпы аянты 145 чарчы метр сарай толугу менен жана 6 тонна чөп күйгөн. Ал эми, Жалал-Абад шаарындагы Дача кичи районунда болжол менен аянты 120 чарчы метр турак үй толугу менен күйүп кеткен.
Учурда өрттүн себептери такталууда.