«Дөө» каймана аты менен таанылган кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 15-июлда кабарлады.
«Ал кылмыштуу топту уюштуруу, ошондой эле жеке ишкердик менен алектенген адамдардан системалуу түрдө ири өлчөмдө акча талап кылуу фактысы боюнча шектелүүдө», — деп айтылат маалыматта.
УКМК Жумагуловдон жабыркаган жарандар болсо, 0 (312) 64-04-75 ишеним телефонуна билдирүү калтырууну өтүнөт.
Эске салсак, буга чейин Чыңгыз «Дөө» изделип жаткан. 8-июлда анын автоунаасы аткыланганы, Жумагулов жана анын жанындагы кишилер качып кетүүгө үлгүргөнү айтылган. Бирок, атайын кызмат бул айтылгандарды четке каккан.