7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды

524

Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун дарегине Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык өз кызмат  орундарына 14 талапкер, ошондой эле бош судьялык кызмат орунга 1 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Мамлекет башчысы судьялык кызматка дайындоо үчүн бардык 15 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду.

Мамлекет башчынын аталган 15 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктары кабыл алынып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:

— Жалал-Абад облусу:

Ноокен райондук сотуна

Осмонов Тарасбек Сапарбекович;

Базар-Коргон райондук сотуна

Каримова Жыпар Кудайбердиевна;

Ала-Бука райондук сотуна

Бейшеев Камбарбек Арзыбаевич;

Токтогул райондук сотуна:

Бегимбаева Аида Алыбековна;

Солпуева Назира Мукамендиевна;

Майлуу-Суу шаардык сотуна

Турмаматов Муратали Курсаналиевич;

Таш-Көмүр шаардык сотуна

Бектемиров Куралбек Абдималикович;

— Ош облусу:

Ош облустук сотуна

Исажанов Келдибек Сайдахматович;

Ош облусунун Административдик сотуна

Жаныбекова Жаныл Жаныбековна;

Чон-Алай райондук сотуна

Абдрахманов Рахманаали Аширалиевич;

— Нарын облусу:

Нарын облустук сотуна

Койломбаев Азамат Ишимбекович;

–Жумгал райондук сотуна

Нурбаев Бакытбек Сайдиллаевич;

— Ысык-Көл облусу

Ак-Суу райондук сотуна

Бекбулатов Айбек Бектурсунович;

— Бишкек шаары

Биринчи май райондук сотуна:

Акылбекова Джамиля Дилдебековна;

Медеров Азирет Баратович.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

525