7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Эң керектүү 500дөн ашык дары-дармектердин баасы арзандатылды

749

Эң керектүү 500дөн ашык дары-дармектердин баасы арзандатылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин дары-дармектердин бааларын жөнгө салуу боюнча  протоколу чыккандан кийин,  Ведомстволор аралык жумушчу комиссия фармацевтикалык компаниялар менен биргеликте керектүү дары-дармек каражаттарынын баасын төмөндөтүү боюнча бир катар сүйлөшүүлөрдү өткөргөну жазылат.

Биринчи этапта жашоого маанилүү деп эсептелген дарылар жана  эпидемиологиялык кырдаалда чоң суроо-талапка ээ болгон ар кандай өндүрүүчүлөрдүн 500дөн ашык дары-дармектери аныкталып, алардын дүң жана чекене баалары 10% дан 68% га чейин төмөндөтүлгөн.

«Азыркы учурда жашоо үчүн маанилүү дары-дармек каражаттарынын тобунун жеткиликтүүлүк абалына баа берүү максатында импорттук, дүң жана чекене баалары боюнча активдүү мониторинг жүргүзүлүүдө» -дешет.

Баалардын реалдуу абалына системалуу түрдө мониторинг жүргүзүү үчүн дарыкана түйүндөрүндөгү бааларды төмөндөтүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы  Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин сайтында жайгаштырылып, коомчулукка жеткирилип турат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

750