7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК Көлбаевдин кылмыштуу тобун каржылаган орусиялык ишкерге издөө жарыялады

427

Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган орусиялык ишкер, «Капитал Групп» компаниясынын ээси Тё Павел Владимировичке издөө жарыяланды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

УКМК тарабынан кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдары боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларды жүргүзүүнүн алкагында «Братский круг» эл аралык кылмыштуу тобуна кирген РФнын ири ишкерлеринин бири Тё Павел Владимирович (криминалдык чөйрөдө «Паша Кореец» катары белгилүү) тарабынан «мыйзамдагы ууру» К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун ишин каржылоо фактылары аныкталды.

Ал Кыргызстандын аймагында колдоо алуу жана биргелешкен бизнес жүргүзүү максатында крим чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен, атап айтканда, К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобу менен, ошондой эле КР аймагында издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Азим Рой (криминалдык чөйрөдө К.Асанбектин «өкүл атасы» катары белгилүү, оор кылмыштар үчүн бир нече жолу соттолгон Руслан Чалдоварский) менен байланыш түзгөн.

Ошол эле учурда П.Тё Камчы Асанбектин криминалдык статусун билип жана түшүнүп туруп, ага КР аймагында кыймылсыз мүлк объекттерин курууга каржылык жардам көрсөткөн.

Ага карата Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен сыртынан камакка алуу туралуу баш коргоо чарасы тандалып алынып, сот органынын токтому менен кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн издөө да жарыяланган. Учурда Т.П.В.га эл аралык издөө жарыялоо максатында КМШ өлкөлөрүнүн аймагында да тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

428