7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК менен ИИМ баңгизатка каршы күрөштү күчөтүү боюнча кеңешме өткөрдү

262

ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынын базасында УКМКнын төрагасынын орун басары Т.М. Шабданбековдун жетекчилиги алдында баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кечиктирилгис чараларды көрүү жөнүндө Камчыбек Ташиевдин тапшырмаларын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдарынын кеңешмеси өттү.

Жыйында баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан учурдагы чакырыктар, коркунучтар талкууланып, өлкөдөгү баңги кырдаалын жакшыртууга багытталган конкреттүү иш-чаралар иштелип чыкты.

Баңги каражаттарын, өзгөчө синтетикалык баңгизаттарды өндүрүү жана сатуу менен алектенген уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракеттенүү, республиканын бардык аймагындагы түнкү клубдарда, казинолордо жана башка оюн-зоок жайларында баңгизаттарды таратууга бөгөт коюу боюнча комплекстүү чаралар көрүлмөкчү. Укук коргоо жана финансылык чалгындоо органдары тарабынан баңги кылмыштарына каржылык колдоо көрсөтүү булактарына бөгөт коюуга өзгөчө көңүл бурулат.

Чек ар аркылуу өткөрүү пункттарында баңгизаттарды, анын ичинде синтетикалык баңгизаттарды даярдоо үчүн керектүү «конструкторлорду» химиялык реагенттерди жана прекурсорлорду контрабандалоого жол бербөө боюнча көзөмөл күчөтүлөт. Жаштар жана эмгек мигранттары, чет өлкөлөрдө иштеген КР жарандары арасында баңгизаттарын колдонуунун жана аларды баңги кылмыштуулугуна тартуунун алдын алуу боюнча бир катар чаралар көрүлөт.

Мындан тышкары, «Дарыкана наркоманиясына» каршы күрөшүү максатында мамлекеттик органдар күчтүү таасир этүүчү дары-дармек каражаттарын мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү үчүн жоопкерчиликти күчөтүү боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Министрлер кабинетинин кароосуна киргизүүнү макулдашты.

263