7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Мыйзамсыз диний мекеме аныкталды

192

     УКМК тарабынан ыкчам тейлөө аймагында жайгашкан мыйзамсыз диний мекемелердин ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле ар кандай салттуу эмес агымдардын жактоочуларынын диний чөйрөгө тийгизген таасирин азайтуу боюнча иш-чаралар улантылууда.

        Алынган маалыматтар боюнча, Бишкек шаарынын Биринчи май району, Тоголок-Молдо көчөсү, 284 дарегиндеги мечиттин имаратында диний мекеме (медресе) мыйзамсыз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген.

        

Буга байланыштуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, Биринчи май райондук администрациясынын жана мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык комиссия аталган мекеменин ишмердүүлүгүн комплекстүү текшерүүгө алышты.

Тактап айтканда, текшерүү маалында жогоруда аталган диний мекемеде 14 жаштан 18 жашка чейинки жашы жете элек балдар билим алып жатышкан. Ошондой эле, аталган диний мекеменин тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок болуп,  Кыргыз Республикасынын дин жана билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарын, ошондой эле архитектуралык, курулуш жана санитардык-эпидемиологиялык нормаларды бузган бир катар фактылар аныкталган;

       Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын расмий маалыматтарына ылайык аталган диний мекемелер Реестрде катталбагандыгын жана тиешелүү түрдө мыйзамсыз иштеп жаткандыгын белгилей кетүү керек.

Учурда медреселердин иши токтотулуп, окуучулар ата-энелерине өткөрүлүп берилип, мыйзамсыз диний иш-аракеттерди уюштургандарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде тиешелүү чаралар көрүлөт.

 

193