7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Сузакта диний-экстремисттик уюмдун алты мүчөсү кармалды

432

Сузак районунун аймагында “Хизб ут Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

31-майда Кыргыз Республикасында тыюу салынган “Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмунун 6 активдүү жактоочусу кармалды. Аталган адамдар Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Бек-Абад айылында экстремисттик идеологияны активдүү жайылтышкан.

        Жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында экстремисттик мүнөздөгү көп сандагы адабияттар, баракчалар, уюлдук телефондор жана электрондук алып жүрүүчү каражаттар табылды.

        Бул адамдар «ХТИ» ДЭУнун катарына жаңы жактоочуларды тартуу максатында жергиликтүү калк арасында экстремисттик идеологияны үгүттөө иштерин системалуу түрдө жүргүзүп келишкен.

       Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилип, алардын кошумча кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

 

 

    

433