Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «КРнын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы КРнын Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичке ыйгарылды.
Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.