7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК телефондорду каттоо боюнча түшүндүрмө берди

209

Мамлекеттик идентификациялоо системасында уюлдук телефондорду каттоо

      Эскерте кетсек: 2024-жылдын 25-июнуна чейин жергиликтүү мобилдик операторлордун (Mega, Beeline, O!) SIM-карталары менен колдонулган бардык уюлдук телефондор системада катталган.

      Жарандардын кызыкчылыгын коргоо максатында 2024-жылдын 15-августуна чейин уюлдук телефондордун IMEI коддорун “Мамлекеттик Идентификациялоо Системасына” каттоого алуу жылдырылган.

      Маанилүү: Бүгүн, 2024-жылдын 16-августунан баштап, МИСде катталбаган телефондор Кыргыз Республикасынын уюлдук операторлору тарабынан тейленбейт.

       Эгер сиз катталбаган телефон сатып алсаңыз, эмне кылуу керек:

    • Тармактын чектөөлөрүн болтурбоо үчүн тез арада аппаратты сатып алган жериңиз менен байланышыңыз жана сатуучудан https://www.imei.kg/StockReg шилтемеси аркылуу аны каттоону сураныңыз.

      • Эгерде сиз бир гана SIM слоттун IMEI кодун каттаган болсоңуз, экинчи слоттун жана eSIMдин IMEI коддорун да катташыңыз керек. Бул үчүн:

   1. imei.kg сайтына, андан кийин “Биз менен байланыш” бөлүмүнө өтүңүз.

2. “Өтүнмөнүн предмети” талаасында үчүнчү вариантты тандап, каттоо арызын толтуруңуз.

3. Төмөнкү маалыматтарды бериңиз:

▪ Телефонуңуздун бардык IMEI коддору (ар бир IMEI 15 сандан турат).

▪ IMEI коддору менен телефондун экранынын скриншоту (*#06# териңиз жана скриншот кылыңыз).

• Жогорудагы маалыматтарды  support@imei.kg электрондук дарегине да жөнөтсөңүз болот.

        Эскерте кетсек: Түзмөктөрдү Мамлекеттик реестрден каттоо импорттоочулардын жоопкерчилигинде. Андыктан телефон сатып алардан мурун анын МИСде катталганын текшериңиз.

     Телефонуңуздун каттоо абалын текшере аласыз:

1. www.imei.kg сайтынан,

2. «Мой О!», «Мой Beeline» жана  «Mega24»байланыш операторлорунун тиркемелеринен;

3. *5656# кодун терүү менен;

Ошондой эле, IMEI — коддорун *#06# буйругун колдонуп же, телефондун кутучасынан текшерип алса болот.

       Коопсуз болуңуз жана телефонуңузду коргоңуз!

Кененирээк imei.kg сайтында.

210