7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Унаа ишканасынын дагы бир коррупциялык схемасы ачылды

1207

2015-жылдан бери Кыргыз Республикасына ташууга тыюу салынган оң рулдуу унааларды мыйзамсыз легалдаштыруунун туруктуу каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык,   «Ак-Тилек» жол көзөмөлдөө пунктунан 15 жеңил автоунаа менен 2 оор жүк ташуучу унаа текшерилип,  транспорт каражаттарынын каттоо (кайра каттоо) күбөлүктөрү, алдын ала берилгендиги аныкталган. Алардын кээ бирлеринин кузовторунун идентификациялык номерлери транспорт каражаттарын каттоо күбөлүктөрүндө көрсөтүлгөндөргө дал келген эмес.

Аталган жасалма күбөлүктөр  Чүй облусундагы «Унаа» мамлекеттик ишканасы тарабынан берилген.

Учурда бул ишке тийешеси бар кызмат адамдарын аныктоо жана жоопко тартуу боюнча ыкчам тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Алдын ала маалыматка ылайык Юстиция министрлигинин алдындагы  Транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо департаменти коррупциялык схемага аралашкандыгы аныкталган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1208