7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМКнын Панфилов райондук бөлүмүнүн жаңы имараты пайдаланууга берилди

525

Бүгүн, 17-ноябрда Кайыңды шаарында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Панфилов райондук бөлүмүнүн жаңы имараты расмий ачылды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, имаратты салтанаттуу ачуу аземине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана Панфилов районунун акими Б.Масаидов, башкармалыктын өздүк курамы жана ардагерлери катышты.

Жаңы имарат бардык заманбап талаптарга жооп берет жана улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин натыйжалуу ишин уюштуруу үчүн керектүү жабдуулар менен камсыздалган.

Ташиев өз сөзүндө өлкөдө улуттук коопсуздукту камсыз кылууда, мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоодо, мыйзам бузууларды жоюуда улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине жүктөлгөн милдеттерди жогорку кесипкөйлүк менен аткаруу зарылдыгын белгилеп, мамлекеттик кызматкерлердин арасындагы коррупция жана уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу, мыйзамсыз диний-экстремисттик жана террористтик уюмдарга байланыштуу маселелерди козгоп, калкты сак болууга жана ар кандай салттуу эмес агымдарга аралашпоого чакырды.

 

526