7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улукбек Марипов кеңешме өткөрүп, алдыдагы шайлоого сапаттуу даярдык көрүүнү тапшырды

674

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кызматкерлер менен актуалдуу социалдык-экономикалык маселелер боюнча кеңешме өткөрүп, алдыдагы Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоону уюштуруу боюнча сапаттуу даярдык иштеринин маанилүүлүгүн белгиледи. Бул тууралуу кабминдин басма сөз кызматы билдирди.

«Парламенттик шайлоону уюштурууга жана аны өткөрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча штаб түзүү, ошондой эле тийиштүү уюштуруу иштерин жүргүзүү зарыл», – деп белгиледи ал.

Мындан тышкары Улукбек Марипов күз-кыш жылытуу мезгилинен өтүү боюнча бардык даярдык иштерин жыйынтыктоону тапшырды.

«Токтогул ГЭСинин төртүнчү гидроагрегатын ишке киргизүү керек. Ошондой эле күйүүчү майга тийиштүү учурдагы маселелерди чечүү жана тийиштүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү маанилүү», – деди Министрлер Кабинетинин башчысы.

Мамлекет башчынын Жарлыктарында көрсөтүлгөн максат жана милдеттерди өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө ишке ашыруу зарыл экендигин Министрлер Кабинетинин Төрагасы баса белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

675