7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улуттук банк: «Биз коммерциялык банктардан насыяларды кечүүнү сурай албайбыз»

533

“Биз коммерциялык банктардан насыяларды кечүүнү сурай албайбыз”, — дейт Улуттук банктын өкүлү Ильичбек Султанкулов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында.

Анын айтымында, ар кандай финансы-кредиттик уюмдар киреше алууда өзүнүн максаттары бар компания экендигин түшүнүшү керек.

“Банктарга лицензияны биз бергенибиз менен алар өздөрүнчө иштейт. Биз коммерциялык банктардан насыяларды кечүүнү сурай албайбыз. Бирок насыя алган ар бир жаран менен жолугушуу өткөрүлүүдө”, — дейт ал.

Султанкулов Пригородное айыл өкмөтүнүн имаратын басып алган аялдар менен Улуттук банктын керектөөчүлөрдү коргоо бөлүмүнүн кызматкери жолугушканын кошумчалады.
Экономика жана каржы министрлигинин бюджетти пландаштыруу жана орто мөөнөттүү болжолдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Улан Жапаровдун айтымында, финансы-кредиттик уюмдарынан насыя алып оор социалдык абалда калган жарандарга жардам көрсөтүү максатында өкмөт тийиштүү токтом кабыл алган.

“Токтомго ылайык, финансы-кредиттик уюмдарга 2020-жылдын 1-октябрына чейин 100 миң сомдон ашпаган суммада насыя алган жарандарды ошол жылдын декабрь айында жана 2021-жылдын январь, февраль айында насыянын пайызын кошпоо сунушталган. Улуттук банктын маалыматы боюнча, республикадагы 673 миңден ашык жаран пайыздар боюнча төлөмдөрдөн бошотулган. Бул максатта болжол менен 1 млрд 203,2 млн сом талап кылынган. 2021-жылга республикалык бюджеттен 1 млрд 253,2 млн сом каралган. Бардыгы болуп финансы-кредиттик уюмдарга 734,4 млн сом которулган”, — дейт ал.

Эскерте кетсек, кечээ, 15-апрелде эртең менен Чүйдүн Пригородное айыл өкмөтүнүн имаратын бир нече аял басып алып, өздөрүн өрттөйбүз деп коркутуп жаткандыгы айтылган. Алар банктан алган насыяларынын айынын үйүнөн ажырап калуу кооптуулугун айтышкан.

Көп өтпөй аялдар имараттан чыгып, ишемби күнү премьер-министр Улукбек Марипов менен жолугуша турганын билдиришкен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

534