7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кош бойлуу медайымдын сабалышы боюнча милиция эмне дейт?

639

Улуттук госпиталдын травматология бөлүмүндө бейтаптын тууганы медайымды сабап салган. Окуя 19-февралда болгон. 

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, медицина кызматкерине физикалык жана эмоционалдык травма алып келген.

«Анын 3 айлык боюнда бар. Кош бойлуулугу токтоо коркунучу менен шаардык гинекологиялык ооруканага жаткырылган. Абалы туруктуу»,- дешти.

Биринчи Май РИИБ окуя боюнча төмөндөгүлөрдү билдирди.

«19-февралда болжол менен саат 11:00 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Улуттук госпиталдын травматология бөлүмүндө бейтапты карап жаткан тууганы медайымды сабап салганы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган милицияга медайым арыз жазып, аны эч себепсиз сабап салганын билдирген. Аталган факты каттоого алынып, учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет. Ошондой эле тергөө бөлүмүнө 1981-жылы туулган жаран жеткирилип, суралган. Ал чакырган убакта барууга макул болуп, бошотулган. Учурда тергөө уланууда»,- дешти. 

640