7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улуттук коопсуздук органдарынын ишин жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоорлору үчүнчү окууда каралды

641

Бүгүн, 25-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндөгү”, “Контрчалгындоо иши жөнүндөгү”, “Тышкы чалгындоо иши жөнүндө”, “Чалгындоо жана контрчалгындоо ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” жана “Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндөгү” мыйзамдардын долбоорлору үчүнчү окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

“КРнын улуттук коопсуздук органдары жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору улуттук коопсуздук органдарынын ишин жөнгө салууга, алардын милдеттерин жана принциптерин аныктоого, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын укуктарын жана милдеттерин мыйзамдык жактан бекитүүгө багытталган.

Ал эми “Контрчалгындоо иши жөнүндөгү” мыйзамдын долбоорунун максаты КРнын коопсуз жана туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо максатында чалгындоо-бүлүндүрүү ишинен КРнын улуттук  кызыкчылыгын коргоонун зарыл деӊгээлине жетишүү жана колдоо үчүн контрчалгындоо ишинин укуктук негиздерин түзүү менен аны ишке ашыруунун мыйзамдуулук кепилдиги системасын бекемдөө болуп эсептелет

Ошондой эле “Тышкы чалгындоо иши жөнүндөгү” мыйзам долбоору Кыргызстандын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чет элдик чалгындоо ишмердүүлүгүнүн укуктук базасын түзүүгө багытталган.

Андан тышкары, “Чалгындоо жана контрчалгындоо ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору Кыргызстандын тышкы чалгындоо жана контрчалгындоо иши чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын шайкеш келтирүүнү камсыз кылууга арналган.

“Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору болсо, террористтик ишмердүүлүккө каршы аракеттенүүнүн укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктоого, бул жосундарды жасоого көмөктөшүүчү себептерди жана шарттарды чектөөгө, ошондой эле террористтик аракеттердин кесепеттерин минималдаштырууга жана (же) жоюуга багытталган.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорлору добуш берүүгө жөнөтүлдү.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

642