7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерине Бишкектен батир берилет

582

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Асек Урманбетовго Бишкектен батир берилет.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев тиешелүү кызматтарга маселени чечип, ардагерге тез арада батир берүү милдетин койду.

Урманбетов Асек — 1923-жылы туулган, II топтогу майып. Украинанын жана Беларустун ар кайсы аймактарында согушкан. 1943-жылы декабрда полктун командиринин буйругу менен чалгындоо боюнча маанилүү тапшырманы аткарган. Эки согушкер менен ал немистердин 76 унаасын ар кандай жүктөрү менен кармаган.

Жеңиштин урматына «Ата Мекендик согуш», «Кызыл Жылдыз» ордендери, көптөгөн аскердик медалдар, юбилейлик медалдар менен сыйланган. 2016-жылдын 30-августунда Данк медалы менен сыйланган. Пенсияга чыкканга чейин айыл чарбасындагы өндүрүш кооперациясында башкы бухгалтер, ревизор болуп эмгектенген. Акын жана жазуучу. Ал “Ак жол” коомдук фондунун президенти катары карыларга, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жана кароосуз калган балдарга демөөрчүлүк жардам көрсөткөн.

6 баласы жана 68 небере-чөбөрөсү бар.

583