7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Видеоңду таратам” деп интимге мажбурлаган чет өлкөлүк жаран кармалды

195

Бишкекте сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо фактысы боюнча чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, 30-мартта Бишкек шаарынын аймагынан 2000-жылы туулган Египеттин Е.А.Р.С. аттуу жараны кармалып, ал борбордо жаш кыздар менен таанышып, андан соң чогуу эс алууга чакырып, болуп жаткан бардык процесстерди (спирт ичимдиктерин, баңги заттарды, интим ж.б.) жашыруун түрдө аудио-видеого жаздырып, аларды интернеттеги социалдык тармактарга жарыялоо аркылуу коркутуу жолу менен, акча каражаттарын опузалап талап кылган жана андан ары сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге да барган.

Мындан улам, УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренеси «Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо» боюнча кылмыш иши козголуп, чет өлкөлүк жаран 2024-жылдын 30-мартында Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына 2 айга камакка алынды.

Учурда  аталган чет элдик жарандын мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккен башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам иш-чаралар улантылууда.

 

 

 

196