7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Видеокамералардын жардамы менен 3 миңге жакын кылмыштын бети ачылды

482

Кыргызстанда укук бузууларды аныктоо жана ыкчам чараларды көрүү максатында коомдук жайларда 3 миңге чукул видеокамера орнотулган.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен 800дөн ашык видеокамера Коомдук коопсуздук кызматынын алдында Ыкчам башкаруу борборуна онлайн көзөмөлдөө үчүн кошулган, анын 100дөн ашыгы адамды жүзүнөн тануучу ситемага кошулган.

2023-жылы видеокамералардын жардамы менен 3 миңге жакын кылмыштын бети ачылды, издөөдө жүргөн 800дөн ашык (анын ичинен 100дөн ашыгы эл аралык, интерполдо издөөдө жүргөн) кылмышкерлер кармалды, ошондой эле 150гө жакын дайынсыз жоголгондор аныкталып, 200дөй мушташтын алдын алууга мүмкүнчүлүк болгон.

Белгиленгендей, өлкөнүн бардык аймактарында криминогендик кырдаал онлайн режиминде бирдиктүү ыкчам башкаруу борбору аркылуу 24 саат бою 7 күн көзөмөлгө алынат.

Ал эми ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн ичинде, нөөмөттүк бөлүктөр жана убактылуу кармоочу жайларында 300дөн ашык видеокамера менен көзөмөлгө алынып турат.

Учурда ИИМдин демилгеси менен жергиликтүү бийлик органдар менен бирдикте дагы жүздөгөн видеокамераларды орнотуу пландалууда.

483