7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ырчы Бакас: «Бекжан Темирхандын каза болгонун ата-энеси уга электе, маданият адамдары маданиятсыздык кылып коюшту»

3580

Жол кырсыгынан каза болгон маркум Бекжан Темирхандын чыгармачылыкта гана эмес жеке жашоосунда дагы жакын досу ырчы Бакас окуя боюнча эскерди. Анда Бекжан Темирхандын каза болгонун ата-энеси уга электе кабар таратып, маданият адамдары маданиятсыздык кылып коюшканын айтып, нааразы болду.

«Азыр баарыбыз кан жутуп отурабыз. Сынообузга жеңилдик берсин. Ошол күнү дагы бир досум менен чай ичип отурганбыз. «Бекжан жок болуп кетти, сени менен кабарлашып жатабы» деп сурап калдым. Анан ага чалып калды. Алса эле кырсык болгонун досу айтты. «Жардан учуп кеттик, тезирээк келе кал» деди. Шашып эле жолго чыкканда кайра чалышты Бекжан өтүп кетти деп. Экөөбүз көп жылдан бери дос элек. Жеке жашоо боюнча да сырдашчубуз. Өзүнүкүн бербеген, кылам дегенин кылган бала болчу. Үйдүн эң улуу баласы. Ата-энесин каржылаган ушул болчу. Бир туугандарын окутуп жаткан ушул бала болчу. Эми ажал экен, тагдыр экен. «Ар бир нерсенин өзүнүн маданияты бар. Ал учурда каза болгонун ата-энеси уга элек болчу. Маданият адамдары маданиятсыздык кылып коюшту. Кабарды угузаардын дагы өзүнүн маданияты бар. Баласы өтүп кеткен адамга аябай оор болот да. Кээ бир маданият адамдары туура эмес кылып койду. Жакшы чыгармасын берип, бөлүшүп койгулачы десе, айрымдары бөлүшчү эмес, анан эле ошол адамдар жакшысын эмес жамандыкты бөлүшүштү, — деди ал.

«Эзилип бүттүм» ыры менен көпчүлүккө таанылган ырчы Бекжан Темирхан 10-ноябрь күнү жол кырсыгынан каза болгон.

(Мекти жакын чыгармачылыктагы достору «Супер тв» каналына берген)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3581