Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик тарабынан Ысык-Ата районундагы мектептерге алыскы аймактардан каттап окуган окуучулар үчүн төрт кичи автобус бөлүнүп берилди.
«Автобустардын экөө райондун тоолуу аймагы болгон Ысык-Ата айыл өкмөтүнө, ал эми бирөө Узун-Кыр айыл өкмөтүнө жана дагы бири Жээк айыл өкмөтүнө берилип, окуучуларды мектепке ташый баштады»,- деп билдирди Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгү.
Эске салсак, күн мурун өкмөт тарабынан аймактарга бөлүнгөн мектеп автобустары окуучуларды ташый баштаганы айтылган.