7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

18 жаштагы балага бычак саюуга шектелип, 59 жаштагы киши кармалды

645

4-май күнү өспүрүм балага мас абалында бычак сайган белгисиз киши, из жашырып кеткен. Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы, кылмышка шектүү катары 59 жаштагы М.Н аттуу жаран, тааныштарынын үйүндө жашырынып жаткан жайынан кармалгандыгын  кабарлайт.

4-май, кечки саат 19:00 чамаларында Ысык-Ата РИИБдүн нөөмөт бөлүгүнө аймактык оорукандандан телефон чалуу болуп, 2003-жылы туулган бала бычактан алган жараактынан улам жаткарылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Териштирүү иштерин жүрүшүндө жабырлануучунун апасы 1977-жылы туулган М.Л. милицияга арыз жазып, бейтааныш эркек киши мас абалында пикир келишпеститен улам баласына бычак сайып жиберип, белгисиз тарапка из жашырып кеткенин айтып, ага карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 139-беренеси (Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Ыкчат иликтөө тобу болжол менен шектүүнүн өзүгүн тактап, жашаган жерин аныктаган. Бирок, ал үйүнө келбей из жашырып жүргөндүктөн, коомдук жайлар, каралбай калган имараттар, мейманканалар жана башка аймактарда издөө иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада кылмышка шектүү 1962-жылы туулган М.Н. тааныштарынын биринин үйүндө милиция кызматкерлеринен жашырынып жүргөн жеринен кармалган.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

646