Ысык-Көлдөгү пансионатта 15 жаштагы Н. у Ж. аттуу эркек бала сууга чөгүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык Кара-Ой айылында жайгашкан «Аист» пансионатында болгон. 2007-жылы туулган өспүрүм сууга чөгүп кеткен. Жерине 4 куткаруучу тартылып,издөө иштеринин натыйжасында саат 15:12де сөөгүн суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.