4-майда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында көптөн күткөн “Run the Silk Road 2024” эл-аралык ШКУ марафону өтөт.
Дене тарбия жана спорт департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев белгилегендей, марафонго болжол менен 3000ге жакын жөө күлүк катышат.
Катышуучулар төмөнкү аралыкта чуркашат: марафон (42,195 км), жарым марафон (21,097 км), 10 км (чуркоо жана скандинавиялык басуу) аралыктан старт алышат, 3 км, балдар жарышы.
Аталган иш – чараны өткөрүүгө мамлекет тарабынан 11 млн сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Россия, Беларусь, АКШ, Канада, Чехия, Кытай, Корея Республикасы, Япония жана башка көптөгөн өлкөлөрдөн 2500 катышуучу катталды. 42,2 км жана 21,1 км аралыктарындагы абсолюттук зачёттогу жеңүүчүлөр үчүн байге фонду 1 млн 534 миң сомду түзөт.
«Учурда марафондун коло белгиси бар, бирок мамлекет жана уюштуруучулар иш-чаранын күмүш, андан кийин алтын белгиси менен сыйланышы үчүн бардык күч-аракетин жумшашат. Марафондун катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоо боюнча чаралар көрүлүүдө. Мамлекеттик бюджеттен каржылоонун негизги бөлүгү дал ушул максаттарга жумшалат», — деди Токтоналиев.
Эскерте кетсек, марафон- спортчулар үчүн Олимпиада оюндарына жолдомо алуу үчүн кошумча упай чогултуу мүмкүнчүлүгү.