7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулаган тургун кармалды

568

Көлдүн акваториясында балыктар урук чачуу мезгилинде мыйзамсыз балык уулаган жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, балыктар урук чачуу маанилүү мезгилде мүмкүн болушунча көп балык кармагысы келген бир нече браконьерлер аныкталды. 26-октябрдан 27-октябрга караган түнү  Түптө жайгашкан Николаевка булуңунда рейд жүргүзүү учурунда мыйзамсыз балык уулап  жаткан жеринен Түп айылынын тургуну 38 жаштагы М.Т. кармалды. Кармалган жарандан далил зат катары резина кайык, 8 даана синтетикалык балык уулоочу тор жана 129 даана мыйзамсыз кармалган «Сига-Лудога» балыктары алынды.

“Аныкталган факт Түп РИИБдин маалыматтарды катоо электрондук журналында катталды. Юридикалык баа берүү жана материалдык зыянды аныктоо үчүн чогултулган материалдар райондук милициянын тергөө кызматына жана тиешелүү мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилди” – деп айтылат маалыматта.

Аталган иш-чарага жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин аймактык башкармалыгынын, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү дагы тартылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

569