7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдүн жээгинде парашют аттракционун иштетүүгө тыюу салынды

396

Ысык-Көл районунун аймагында парашют аттракционунун ишмердүүлүгүнө тыюу салынды. Бул тууралуу жыйында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова билдирди.

Мындай чечим эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

«Туристтик сезондо Ысык-Көлдүн аймагында суу аттракциондорунун ишмердүүлүгүнө тыюу салууга кырсыктар көп катталып, анын кесепетинен эс алуучулардын арасында адам өмүрлөрү кыйылган учурлар себеп болууда», — деди министрдин орун басары.

Ошондой эле коомчулукта скутерлерден чыккан күйүүчү жана майлоочу майдын калдыктары көлдүн суусуна аралашып, көлдүн экологиясына терс таасирин тийгизүүдө деген пикирлер айтылып келет.

 

397