Ырчы Юрий Шатуновдун өлүмү боюнча тергөөгө чейинки текшерүү 30 күнгө узартылды. Бирок Орусиянын Тергөө комитети, артисттин өлүмүндө дарыгерлердин шалаакылыгы боюнча кылмыш ишин козгобоону чечти. Бул тууралуу «Бешинчи канал» өз булагына таянып билдирди.
«Мыйзам боюнча, кылмыш ишин козгоо же андан баш тартуу он күндүн ичинде чечилиши ерек. Бири же экинчиси да мүмкүн болбосо, жетекчиликтин чечими менен текшерүү 30 күнгө узартылат», — деп айтылат маалыматта.
Мөөнөттөрдүн узартылышы техникалык мүчүлүштүктөр жана ырчынын өлүмүнүн себеби боюнча корутунду даяр болбой калганы менен байланыштуу. Ал эми тергөөчүлөр дарыгерлердин кесипкөйлүгүнөн күмөн санабай турганы айтылат.
23-июнда Юрий Шатунов 48 жашында Москвада каза болгон. Ырчынын өлүмүнүн себебин экстенсивдүү инфаркт деп аташкан.
Буга чейин маалымат каражаттарында диспетчер тез жардамды жөнөтүүдөн баш тартканы тууралуу маалымат пайда болгон. «Известия» булагы билдиргендей, ырчынын достору «Тез жардам» кызматын чакырып, «жүрөгү ооруп жатат» деп айтышкан, ага диспетчер унаалар жок деп жооп бергени кабарланган.
Кийинчерээк бул маалыматты Москва аймактык тез жардам станциясы жокко чыгарган. Алар алгач Шатуновдун достору ырчыны ооруканага өздөрү алып кеткиси келгенин, ал эми диспетчер дарыгерлерди жиберүүнү сунуштаганын маалымдашкан.