7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзүн «милиция кызматкеримин» деп акча талап кылган жаран кармалды

467

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкерлери опузалап акча талап кылган шектүүнү кармашты.

Маалыматка ылайык, 10-январда Бишкек шаарынын Октябрь РИИБге К.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, белгисиз адамдарга мыйзамдуу түрдө чара көрүүнү суранган. Себеби, 9-январда Бишкек шаарынын И.Ахунбаев жана К.Тыныстановдун көчөлөрүнүн кесилишинде, өздөрүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери катары тааныштырып, эч себепсиз акча талап кылышкан.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесине (Опузалап акча талап кылуу) ылайык кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2003-жылы туулган Т.Э. аттуу жаран аныкталып, кармалган.

Тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

 

468