7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзгөндө мыйзамсыз курулуш үчүн 100 миң сом айып пул салынды

8

Өзгөн райондук прокуратурасынын катынын негизинде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз курулуш фактылары аныкталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, текшерүүдө Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы Лесхоз айылында «Бишкек–Ош» унаа жолунун 631,55-чакырымында оор жүк ташуучу автоунааларды көзөмөлдөө үчүн тараза пункту убактылуу орнотулганы белгилүү болгон.

Ошондой эле объекттин жанына укук күбөлөндүрүүчү документтери жок контейнерлер коюлуп, жер тилкеси өз алдынча кеңейтилгени аныкталган.

Аталган мыйзам бузуу боюнча тиешелүү акт түзүлүп, жазма буйрук берилди. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 149-беренесине ылайык протокол түзүлүп, 100 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Жыйынтыгында мыйзамсыз пайдаланылган жер тилкеси баштапкы абалына келтирилди.

9