7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жөө күлүкчү Дарья Маслова 36чы болуп келип, жеңишке жетпей калды

683

Бүгүн, 7-августта кыргызстандык спортчу жөө күлүк Дарья Маслова Токио олимпиада оюндарынын марафондук жарышына 42 километр 195 метр аралыкты 2 саат 35 мүнөт 27 секундда чуркап өтүп, марага 36-болуп келди. Бул тууралуу Токиодон спорттук баяндамачы Кабыл Макешов билдирди.

Маалыматка ылайык, 42 километр 195 метр аралыкка марафондук жарыш Саппоро шаарында өттү. Мелдеште дүйнө жүзүнөн тандалып, Токио олимпиадасына жолдомо алышкан 88 жөө күлүк мөрөй талашты. 21 километр 100 метр жарым марафонду Дарья Маслова 1 саат 15 мүнөт 27 секунда чуркап, топ башындагы жөө күлүктөрдөн калышпай жүгүрдү. Ал эми калган аралыкта ортоңку топто жүрдү.

Бул марафондук жарышта 27 жаштагы кениялык Перес Депчирчир марага биринчи келип, Токио олимпиадасынын чемпиону аталды. Ал бул аралыкты 2 саат 27 мүнөт 20 секундда чуркап өттү Марафонго катышкан 88 жөө күлүктүн 73ү гана марага жетти.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

684