7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жүрөк үшүн алган жол кырсыгынан бир жаран көз жумду

386

Чүйдүн Садовое айылында жүрөк үшүн алган жол кырсыгы каталды. Анын кесепетинен бир жаран каза болду.

«11-июнь күнү саат 06:30 чамасында Хонда Степ Вагон унаасы Ош-Бишкек унаа жолунан батыштан чыгышты көздөй бара жатып, Садовое айылында жолдун четинде токтоп турган Мерседес Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаасын артынан сүзгөн. Андан кийин Мерседес Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаа астында турган Форд Транзит үлгүсүндөгү унаасын сүзгөн. Жол кырсыгынын кесепетинен Мерседес Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаага жүк жүктөп жаткан жаран каза болгон. Ал эми Хонда Степ Вагон үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүсү Москва районунун ооруканасына жаракаттары менен кайрылган», — деди Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан.

 

 

 

 

387